Ошто айыл көчөлөрүн оңдогон ишкана 622 миң сом зыян келтирген

© Sputnik / Табылды КадырбековАйылда бараткан кемпир. Архив
Айылда бараткан кемпир. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аудитордук текшерүүнүн натыйжасында ишкана аткарган жумуш көлөмүн жасалма жогорулатып, ал эми айыл аймагынын жетекчилиги көчөлөрдү пайдаланууга кабыл алганы аныкталган.

БИШКЕК, 29-сен. — Sputnik. Ош облусунун Кара-Суу районундагы Эркин айылынын көчөлөрүн оңдоп жаткан "Скай-Сити" компаниясы мамлекетке жарым миллион сомдон ашуун зыян келтирген фактыны Коррупцияга каршы кызмат аныктап чыкты.

Жаңы асфальт куруу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Сариев: жолдор кыш түшкөнгө чейин курулуп бүтүшү керек
Маалыматка ылайык, аталган ишкана 2014-жылы Эркин айылынын бир чакырым узундуктагы көчөлөрүнө шагыл төшөп, иштин жалпы суммасы 2 миллион 539,8 миң сомду түзгөн.

Аудитордук текшерүүнүн натыйжасында ишкана аткарган жумуш көлөмүн жасалма жогорулатып, ал эми айыл аймагынын жетекчилиги көчөлөрдү пайдаланууга кабыл алганы аныкталган. Мыйзам бузуунун натыйжасында мамлекетке 622,3 миң сом зыян келтирилген.

Аталган факт боюнча Кылмыш жаза кодексинин 171-беренесинин (ишенип берилген мүлктү чыгымдоо же ыйгаруу) негизинде кылмыш иши козголуп, учурда тергөө амалдары жүрүп жатат. 

Жаңылыктар түрмөгү
0