Мойнунда 88 млн. сомдук салык карызы бар издөөдөгү жетекчи кармалды

Жазылуу
Кармалган жаранга ири өлчөмдө салык төлөөдөн баш тартуу беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, учурда ал камакка алынды.

БИШКЕК, 30-сен. — Sputnik. Жалпы жонунан 88 миллион сом өлчөмүндө салык төлөөдөн баш тартып, издөөдө жүргөн жаран кармалганын Финансы полициясы билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган жаран "Данмарк Алко Трейд" жана "Гермиона Трейд" компанияларынын жетекчиси болуп эсептелет. Мамлекетке болгон жалпы карызынын суммасы 87 миллион 916 миң сомду түзгөн.

Кармалган жаранга ири өлчөмдө салык төлөөдөн баш тартуу беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, учурда ал камакка алынды.

Жаңылыктар түрмөгү
0