Кадамжай районунда машина сайга кулап, ичиндеги эки киши күйүп кетти

Жазылуу
Маалыматка ылайык, айдоочу бурулуштан рулду башкара албай калган.

БИШКЕК, 4-окт. — Sputnik. Баткен облусунун Кадамжай шаарынын Халмион жолунда "Тико" үлгүсүндөгү автоунаа башкаруудан чыгып Аңкур сайына кулап түшүп, такыр күйүп кеткен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, айдоочу бурулуштан рулду башкара албай калган. 

Окуя болгон жерге куткаруучулар барып, каза болгон эки адамдын денесин унаадан чыгарып, райондук ишки иштер кызматкерлерине өткөрүп беришкен. 

Каза болгондор болжол менен 25-30 жаштар чамасындагы айдоочу жана жүргүнчү.

Жаңылыктар түрмөгү
0