Оштун мэри Кадырбаев 109-шайлоочу болуп добуш берди

© пресс-служба мэрии города ОшОш шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев шайлоо участогунда.
Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев шайлоо участогунда. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Түштүк борбордун башчысы шайлоо таза, ачык өтүүсү үчүн бүгүнкү күндө мэрия бардык күч-аракеттерин жумшап жаткандыгын айтты.

БИШКЕК, 4-окт. — Sputnik. Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев шаардын Жоомарт Бөкөнбаев атындагы орто мектебинин имаратында жайгашкан шайлоо участогунда 109-шайлоочу болуп добуш берди.

Ал Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо таза, ачык жана калыс өтөт деп ишенерин айтты.

"Биометрикалык маалымат ыкмалары менен Кыргызстанда биринчи жолу шайлоо жүрүп жатат. Добуш берүү таза жана ачык өтүүсү үчүн бүгүнкү күндө мэрия тарабынан бардык күч-аракеттер жумшалууда,"— деди Кадырбаев.

Маалымат кызматы Ош шаары боюнча добуш берүүчү жарандардын саны 133 388 адам, жалпы шайлоо участогу 80, анын жетөө кошумча ачылгандыгын билдирди.

Кыргызстандагы шайлоонун жүрүшү тууралуу Sputnik агенттигинин онлайн-репортажынан көрүңүз>>

Жаңылыктар түрмөгү
0