Нарында дене тарбия жана спорт бөлүмүнүн жетекчиси бөлүнгөн акчаны өзүнө ыйгарып алган

Жазылуу
Көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө жумшалды деп жазылган акчаны бөлүмдүн жетекчисинин бири өзүнө алып алганы аныкталган.

БИШКЕК, 6-окт. — Sputnik. Нарын шаарындагы дене тарбия жана спорт бөлүмүнүн кызматкерлери кызмат абалынан пайдаланып, мамлекеттик каражаттын максатсыз пайдаланылгандыгы аныкталган. Бул тууралуу ИИМ билдирди.

Акча берүү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жасалма диплому аныкталып калган мугалим милицияга пара берип жатканда кармалды
Маалыматка ылайык, бөлүм жетекчилеринин бири расмий документтерге туура эмес маалымат киргизүү менен ири өлчөмдөгү акча каражатын өзүнө ыйгарып алган. Каржылык отчетто ал акча Көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө жумшалды деп жазылган.

Аталган факт боюнча кылмыш иши козголуп, аны Нарын шаарынын прокуратурасы иликтеп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0