"Кыргызалтындан" алтын уурдалды

© Sputnik / Игорь Агеенко / Медиабанкка өтүүДобыча и переработка золотоносной руды в Амурской области
Добыча и переработка золотоносной руды в Амурской области - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Текшерүү учурунда алтын кенин кайра иштетүү учурунда катталган алынган алтын менен колдо бар металлдын ортосунда 1 килограмм 14 грамм айырма чыккан.

БИШКЕК, 7-окт. — Sputnik. "Кыргызалтын" ишканасынын филиалы Тогуз-Торо районунда жайгашкан "Макмалалтын" фабрикасынан бир килограммдан ашуун алтын уурдалганын УКМК билдирди.

Автоунаа ачкычы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Автооунаны уурдатып жиберүүдөн сактай турган сегиз жөнөкөй эреже
Маалыматка ылайык, алтын кенин кайра иштетүү процессинде каттоого алынган алтын менен колдогу баалуу металлдын ортосунда 1 килограмм 14 грамм алтындын айырмасы чыккан. "Кыргызалтын" бул боюнча атайы комиссия түзүп, ал фабриканын кызматкерлеринин жардамы менен алтындын уурдалганын аныктап чыккан.

Мындан улам "Кыргызалтын" ишканасына 2 миллион 491 миң сом зыян келтирилген.

Аталган факт боюнча Башкы прокуратура тарабынан Кылмыш жаза кодексинин 221-беренесинин ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") жана 164-беренесинин ("Уурулук") негизинде кылмыш иши козголду.

Жаңылыктар түрмөгү
0