Фарид Ниязов президенттин аппарат жетекчиси болду

Жазылуу
Буга чейин Ниязов президенттин кеңешчиси болуп келген.

БИШКЕК, 7-окт. — Sputnik. Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев Фарид Ниязовду президенттин аппаратынын жетекчиси кылып дайындоо жөнүндө буйрукка кол койду. Бул тууралуу мамлекет башчысынын маалымат кызматы билдирди.

Буга чейин Ниязов мамлекет башчынын кеңешчиси болуп келген.

Президенттин аппаратынын буга чейинки жетекчиси Темир Жумакадыров КРдин Коргоо кеңешинин катчысы болуп дайындалды.

Жаңылыктар түрмөгү
0