Быйыл Кыргызстанда пландалган 25 мектептин ордуна 70 мектеп курулат

Жазылуу
Жыл аягына чейин дагы 42 мектеп курула турганын Архитектура, курулуш жана турак-жай агенттиги белгиледи.

БИШКЕК, 7-окт. — Sputnik. Жыл аягына чейин 70 мектеп салынып пайдаланууга берилиши керектигин премьер-министр Темир Сариев курулуштун жүрүшүн көзөмөлдөгөн структуралардын жетекчилери менен жолугушуу учурунда билдирди.

Анын айтымында, жыл башында 25 мектептин бүткөрүлүшү пландалган, бирок бул аралыкта капиталдык салымдын эсебинен 50, ал эми түрк кредитинин эсебинен дагы 20 мектеп курулган. 

"Курулган мектептердин арасында спорттук залдар бар. Мындан тышкары, Таласта таланттуу балдар үчүн бардык шарты каралган мектеп куруу зарылдыгы бар. Бул жерде облустун бардык аймагынан келип окуганга мүмкүнчүлүк болуш керек", — деди өкмөт башчы.

Сариев билим берүү мекемелеринин курулушу президенттин жана жалпы коомдун көзөмөлүндө экенин айтты. 

Базар-Коргондо жаңы мектеп ачылды
Архитектура, курулуш жана турак-жай агенттигинин маалыматы боюнча, үстүбүздөгү жылдын 1-сентябрына карата 26 мектеп пайдаланууга берилген, 1-октябрда дагы жети мектептин курулушу аяктап, бул айдын ичинде 24 мектеп окуучуларды кабыл ала баштайт.

Мындан тышкары, ноябрь айында республикалык бюджеттин эсебинен курулган 14, декабрда алты мектеп даяр болот. Мындан улам жаңы курулган мектептин саны 70ке чыгат. 

Бул иштерге мамлекет тарабынан 1 миллиард 645 миң 77 сом бөлүнсө, түрк кредити боюнча 235 миллион 188 миң сом берилген.

Өкмөт "Жерүйдөн" түшкөн акчага 100 мектепти реконструкциялап, капиталдык оңдоодон өткөрүүгө жана дагы 100 мектеп курууну пландаштырууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0