КР номерлүү унаанын айдоочусу Казакстанда жол эрежесин рекорддук өлчөмдө бузду

© Sputnik / Алексей Мальгавко / Медиабанкка өтүүЖол кайгуул кызматкери. Архив
Жол кайгуул кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Азырынча КР мамлекеттик номерлүү автоунаанын айдоочусу кайсыл учурда мынча эреже бузганга жетишкени белгисиз.

БИШКЕК, 8-окт. — Sputnik. КР номерлүү Honda Odyssey автоунаасын айдаган Казакстандын Талдыкоргон шаарынын тургуну жолдо жүрүү эрежесин рекорддук түрдө бузганын tengrinews.kz агенттиги билдирди.

Талдыкоргондук айдоочунун машинасы полициянын атайын рейди учурунда көзгө урунган.

"Текшерүү учурунда аныкталгандай, айдоочу шаардын ичинде эле 456 жолу мыйзам бузган", — деп жазат маалымат агенттиги.

Велосипед жолунда токтотулган автоунаа. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жол кайгуул кызматынын инспекторлору жолдо "баш бербегендерди" аныкташууда
Кармалган жарандын мыйзам бузуулары шаарда орнотулган автоматташтырылган системага түшүп калган.

Салынган айыптын жалпы көлөмү 7,3 миллион тенгени түздү. Мыйзам бузган жарандын автоунаасы айыптарды толук төлөгөнгө чейин атайын машина токтотуучу жайга токтотулду. Эгер айдоочу салынган айыптарды төлөбөй турган болсо, ага карата мажбур түрдө чаралар көрүлүп, сот органдарына иш жөнөтүлүшү мүмкүн экенин полициядан билдиришти.

Ошол эле учурда КР номерлүү автоунаанын айдоочусу кайсыл убакта мынча жол эрежесин бузууга жетишкени айтылбайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0