"Туран" кичи районун жашоочулары жаратылыш газы менен камсыз болду

© пресс-служба мэрии города ОшОш шаарындагы "Туран" кичирайонунда жергиликтүү жашоочуларды жаратылыш газы менен камсыздалды.
Ош шаарындагы Туран кичирайонунда жергиликтүү жашоочуларды жаратылыш газы менен камсыздалды. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Оштун "Туран" кичи районунун жашоочуларын көгүлтүр от менен камсыз кылуу үчүн жергиликтүү бюджеттен баш-аягы болуп алты миллион сом каражат бөлүнгөн.

БИШКЕК, 10-окт. — Sputnik. Ош шаарындагы "Туран" кичи районунда жергиликтүү жашоочуларды жаратылыш газы менен камсыздаган жаңы тармактын (түтүктүн) ачылышы болду. Бул туурасында аталган шаардын мэриясынын маалымат кызматы билдирди.

Ал салтанатка катышкан шаар башчысы Айтмамат Кадырбаев аталган аймакта көгүлтүр от төрт жылдан бери берилбей келгендигин, ал эми бүгүн бардык үйлөр газ түтүгүнө туташкандыгын кабарлады.

"2014-жылы бул аймакты жаратылыш газына туташтыруу үчүн 4,5 миллион сом каралып, быйыл кошумча 1,5 миллион сом бөлүндү. Газ өткөн түтүктүн узундугу 1,3 чакырым. Бүгүн ар бир турандыктын үйүндө көгүлтүр от бар", — деди Кадырбаев. 

Буга чейин Ош шаарына караштуу Жапалак аймагы да жаратылыш газынын түтүгүнө туташтырылган. 

Жаңылыктар түрмөгү
0