Республикалык спартакиадада Бишкек шаарынын командасы алдыда келе жатат

© Sputnik / Табылды КадырбековКубок победителя. Архивное фото
Кубок победителя. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
7-октябрда башталган ири спорттук иш-чара бүгүн аяктайт. Анда катышуучулар спорттун 13 түрү боюнча ат салышууда.

БИШКЕК, 14-окт. — Sputnik. Жалал-Абад облусунда өтүп жаткан республикалык VII спартакиадада азырынча Бишкек шаарынын курама командасы алдыда экенин шаардык муниципалитет билдирди.

Маалыматка ылайык, учурда ири мелдеш облустун Жалал-Абад, Кочкор-Ата, Майлы-Суу жана Токтогул шаарларында спорттун 13 түрү — баскетбол, волейбол, футбол, бокс, дзюдо, аялдардын күрөшү, эркин күрөш, грек-рим күрөшү, самбо, жеңил атлетика, стол тенниси, оор атлетика жана шахмат боюнча өтүүдө.

"Команданын курамында машыктыруучулар менен бирге 188 спортчу бар. Буга чейин команда грек-рим күрөшү, оор атлетика, эркин күрөш, шахмат, дзюдо, стол тенниси, бокс боюнча байгелүү орундарды ээледи", — деп айтылат билдирүүдө.

Алдын ала маалымат боюнча учурда Бишкектин командасы 114 упай менен алдыда келе жатат.

Спартакиада 14-октябрга чейин уланат.

Жаңылыктар түрмөгү
0