"Түндүкэлектр" ишканасынын арызын сот канааттандырды

Жазылуу
"Түндүкэлектр" ишканасы райондук сот туура эмес чечим кабыл алганын айтып, Чүй облустук сотуна жана Башкы прокуратурага кайрылган.

БИШКЕК, 16-окт. — Sputnik. "Түндүкэлектр" ишканасынын арызын Чүй облустук соту бүгүн карап канааттандырды. Бул тууралуу аталган ишкананын маалымат кызматы билдирди.

Сот балкасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Түндүкэлектр" доо арыз менен Чүй облустук сотуна, Башкы прокуратурага кайрылды
Кардарлардын укугун коргоочу "Кыргыз Трансконтроль" коомдук бирикмесинин өкүлү Виктор Горев "Түндүкэлектр" тарифтерди төмөндөтсүн деп Аламүдүн райондук сотуна кайрылган. Сот анын арызын канааттандырган. Анын айынан "Түндүкэлектр" ишканасынын банк эсептери камакка алынган эле.

"Түндүкэлектр" ишканасы райондук сот туура эмес чечим кабыл алганын айтып, Чүй облустук сотуна жана Башкы прокуратурага кайрылган

Учурда "Түндүкэлектр" ишканасы кадимки калыбында иштеп жатат.

Чүй облустук соту Аламүдүн райондук сотунун чечимин жокко чыгарды. Соттун чечими чыккан учурдан тартып ал күчүнө кирет.

Жаңылыктар түрмөгү
0