Бишкек шаарына жылуулук берүү аба ырайына жараша болот

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкек шаарынын мээриясы. Архив
Бишкек шаарынын мээриясы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Абанын орточо суткалык температурасы 5 күн катары менен +8 градустан төмөн болгон учурда гана жылуулук берилип баштайт.

БИШКЕК, 17-окт. — Sputnik. Шаар тургундарына жылуулук берүү аба ырайына байланыштуу экендигин Бишкек мэриясы билдирди.

Беште оту. Архив - Sputnik Кыргызстан
Күз-кыш мезгилине даярдык ишине 3,8 миллиард сом бөлүндү
Мэриянын маалыматына ылайык, абанын орточо суткалык температурасы катары менен беш күн аралыгында +8 градустан төмөн болгон учурда гана жылуулук берилип баштайт.

Ал эми орточо суткалык температурасы катары менен беш күн катары менен +8 градустан жогору болгон учурда жылуулук берүү токтотулат.

"Бишкекжылуулукэнерго" коммуналдык ишканасы, "Бишкекжылуулуктармагы" жана Бишкек шаарынын жылуулук электр борбору кыш мезгилине даяр.

Жаңылыктар түрмөгү
0