Балдарын өлтүрүүгө ниеттенген эне андан кийин өз өмүрүн кыюуга аракет кылган

Жазылуу
Аял "балдарымды өзүм менен ала кетем" деген сөздөр менен эки наристеге бычак сайган.

БИШКЕК, 19-окт. — Sputnik. Таласта өз өмүрүн кыям деген аял балдарын кошо өлтүрүүгө аракет кылганын ИИМ билдирди. 

Укук коргоо органдарынын маалыматы боюнча, үстүбүздөгү жылдын 15-октябрында саат 23.30да Кара-Буура районундагы айыл тургуну коноктон келгенден кийин күйөөсү менен урушуп кеткен. Үй ээси уктагандан кийин аял өзүн өлтүрүүгө аракет кылып, "балдарымды өзүм менен кошо ала кетем" деген сөздөр менен эки жана үч жаштагы уулдарына бычак урган. 

Ымыркайдын колу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Эки баласын өлтүргөн эне тууралуу шаардык милиция билдирди
Ызы-чууну байкап калган туугандары аялдын күйөөсүн ойготушкан. Мойнуна бычак жеген балдар аймактык ооруканага жеткирилген.

Акыркы маалыматтар боюнча учурда балдардын абалы туруктуу, кан тамырлар жабыркаган эмес.

Аял өзү жеңил жаракат алган. Ага карата Кара-Буура РИИБ "Киши өлтүрүүгө аракет кылган" беренесинин негизинде кылмыш ишин козгоп, аял убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөө иштери жүрүп жатат. 

Учурда социалдык кызматтын өкүлдөрү аялды энелик укуктан ажыратуу маселесин карай башташты.

Бул окуя ушул жылы катталган биринчи учур эмес. Февраль айында кичинекей балдарын өлтүрүүгө шектелген аял кармалган. Республикалык психикалык ден соолук борборунун каттоосунда турган аталган жаран ошол эле учурда шаардык мектептердин биринде мугалим болуп иштеп келген. Иликтөө учурунда ал эки баласын өлтүргөнүн мойнуна алган.

Жаңылыктар түрмөгү
0