Россиядан уурдалган унаалардын учугу Кыргызстандан чыгууда

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкек шаарындагы автоунаалар. Архив
Бишкек шаарындагы автоунаалар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Текшерүү учурунда уурдалган унаалар россиялык жана белоруссиялык документтер менен айдалып жүргөнү аныкталды.

БИШКЕК, 20-окт. — Sputnik. Кыргызстандын аймагында Россиядан уурдалып келген беш автоунаа аныкталганын ИИМ билдирди.

Автоунаа урдоо. Архив - Sputnik Кыргызстан
Лейлекте эки жолу "Жигули" үлгүсүндөгү унааларды уурдай качкан жаран кармалды
Маалыматка ылайык, Кыргызстандын ЕАЭБге кошулушу менен Россия жана Казакстандан алып келинген унаанын саны көбөйгөн. Мында айрым криминалдык элементтер башка өлкөдөн уурдап келген унааны Тажикстан менен Афганистанга чейин алып өткөн учурлар кездешүүдө.

Аталган беш унаанын арасында 2007-жылы чыккан "Лексус LS-460", 2012-жылкы "Инфинити FX37", 2006-жылы чыгарылган "ВАЗ-2110", 2014-жылкы "Ниссан Кабстар" жана ушул жылы жарык көргөн "Хюндай" үлгүсүндөгү машиналар бар. Машиналар негизинен россиялык жана белоруссиялык документтер менен айдалып келген.

Аталган фактылар боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат.

ИИМ унаа сатып алууда жарандарды сак болуусун эскеретет.

Жаңылыктар түрмөгү
0