Кыргыз тамак-ашы менен маданияты тартууланды

© Sputnik / Михаил РогожинТамак-аш. Архив
Тамак-аш. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстан аталган фестивалга өлкөнүн кылым карыткан маданиятын, агрардык секторун, кийиз, тери, жибекти иштеткен кол өнөрчүлүгүн жана туристтик мүмкүнчүлүгүн көрсөтүү максатында катышкан.

БИШКЕК, 20-окт. — Sputnik. Кыргызстандын Украинадагы элчилиги Киев шаарында өткөн "Азия тамак-ашы жана маданияты" фестивалына катышканын аталган дипломатиялык мекеме билдирди.

Иш-чарага 14 элчилик жана эл аралык уюмдар катышкан. 

Жарманкеде алма сатуу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Москвалыктар кыргыз товарларын азык-түлүк жармаңкесинен сатып ала алышат
Кыргызстан аталган фестивалга өлкөнүн кылым карыткан маданиятын, агрардык секторун, кийиз, тери, жибекти иштеткен кол өнөрчүлүгүн жана туристтик мүмкүнчүлүгүн көрсөтүү максатында катышкан. Мындан тышкары, бул иш-чара тажрыйба алмашуу жана өнөктөштүк байланышты бекемдөөгө аянтча болуп берди.

Фестивалдын катышуучулары Кыргызстандын улуттук ашканасына жана экспозициясына жогорку баасын беришти.

Улуттук стенд "Кыргызстан — асман тиреген тоолордун өлкөсү" видеоролиги менен коштолду.

Жаңылыктар түрмөгү
0