ИИМ: түрмөдөн качкандарды издөө иштерин аба ырайы татаалдантып жатат

© Sputnik / Табылды КадырбековКылмышкерлерди издөө иштери. Архив
Кылмышкерлерди издөө иштери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Издөө иштери Кыргызстандын кээ бир аймактарында жүргүзүлүүдө, бирок негизги басым Бишкек шаарына жана анын айланасына жасалып жатат

БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Бүгүнкү жамгырлуу аба ырайы түрмөдөн качкан эки кишини издөө иштерин татаалдантып жаткандыгын ИИМдин маалымат кызматынан Sputnik маалымат агенттигине билдиришти. 

ИИМ 21-октябрда качкандарды негизинен Сокулук району, анын ичинен Камышановка аймагында улантылып жатканын кабарлаган. Ал эми андан бир күн мурда, 20-октябрда алардын дагы бири Азамат Мусуралиев Сокулуктун Арал айылындагы мал сарайлардын биринен жок кылынды. 

"ИИМ жана башка күч түзүмдөрү менен биргеликте качкындар туурасында түшкөн маалыматтарды улам текшерип жатат. Издөө иштери Кыргызстандын кээ бир аймактарында жүргүзүлүүдө, бирок негизги басым Бишкек шаарына жана анын айланасына жасалып жатат",— деп билдиришти ИИМдин маалымат кызматынан.

Абактагы терезе. Архив - Sputnik Кыргызстан
Түрмөдөн каза болгон үч качкын кылмышкердин өлүмүнүн себептерин прокуратура иликтейт
Өткөн аптанын башында 50-түрмөдөн тогуз кылмышкер качып чыккан. Токтотууга аракет кылган ЖАМКтын үч кызматкерин өлтүрүп, дагы бирин оор жарадар кылышкан. Ал беш күндөн кийин эсине келбей ооруканада каза болду.

Атайы операция учурунда качкындары бешөө кармалып, төртөө из суутуп кетүүгө үлгүргөн. 16-октябрда издөө иш-аракеттеринен улам, Бишкектин чет-жакасындагы "Дордой-1" жаңы конушунан кылмышкерлердин бири Данияр Кадыралиев жок кылынган.

Укук коргоо органдары түрмөдөн качкандардын жашынган жери жөнүндө маалымат бергендерге бир миллион сом сыйлык бериле турганын билдирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0