Кыргызстандык сүрөтчү Лондондогу абройлуу сынактын финалына чыкты

© flickr.com / empiredude1Сүрөтчүнүн иш жайы. Архив
Сүрөтчүнүн иш жайы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сүрөтчү "Адабий чыгарма" номинациясында жеңүүчү аталган катышуучунун китебине сүрөт тартуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болорун уюштуруучулар белгилешти.

БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Кыргызстандык сүрөтчү Анастасия Ермолина Эл аралык төртүнчү Open Eurasia book forum and literature festival сынагынын "Иллюстрация" категориясында финалга чыкканын конкурстун Борбордук Азия боюнча өкүлчүлүгү билдирди.

Быйыл кыргызстандык сүрөтчү "Девочка-мухотаракан: Превращение" деп аталган балдар китебине сүрөт тартуу боюнча өзүн сынап көргөн. Учурда экинчи китеп иллюстрацияланып жатат.

Эл аралык сынакта "Манаска" арналган сүрөттөр жогорку баага татыды
Сынакка 28 мамлекеттин сүрөтчү, жазуучу, котормочу, режиссерлору "Адабий чыгарма", "Көркөм котормо", "Иллюстрация", "Видеотасма" сыяктуу төрт категорияда ат салышкан. 

"Иллюстрация" категориясынын финалисттери 2016-жылы Лондондо жарык көрө турган "Адабий чыгарма" номинациясы боюнча жеңүүчүнүн китебине сүрөт тартуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. 

Жеңүүчүлөр OECA Book Forum and Literature Festival – 2015 фестивалынын алкагында өтө турган аземде жарыяланып, байгелер тапшырылат. Сынак 6-9-ноябрь күндөрү Кембридж жана Лондон шаарларында өтөт.

Конкурстун байге фонду 36 миң долларды түзөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0