Экономикалык кылмыштан улам өлкө казынасына 2 млрд. сомго чукул зыян келтирилген

Жазылуу
Финансы полициясы казыначылыктын аймактык бөлүмдөрү аркылуу бир миллиард сомдун тегерегиндеги акча мамлекетке кайтарылганын, бул жалпы зыяндын 60 пайызын түзөрүн белгилейт.

БИШКЕК, 27-окт. — Sputnik. Жыл башынан бери Кыргызстанда экономикалык мыйзам бузуу боюнча 586 кылмыш иши козголгонун Финансы полициясы кабарлады.

Билдирүүгө ылайык, республика боюнча жалпы жонунан 804 мыйзам бузуу катталып, мындан мамлекеттик казынага 1 миллиард, 728 миллион 349 сом зыян келтирилген. Бул былтыркы жылдын ушул маалына салыштырмалуу жарым миллион сомго көп экени маалымдалууда.

"Казыначылыктын аймактык бөлүмдөрү аркылуу бир миллиард сомдун тегерегиндеги акча мамлекетке кайтарылган. Бул жалпы зыяндын 60 пайызын түзөт. Мында жарым миллиондон ашуун каражат акчалай кайтарылганын белгилей кетүү керек. Бул өткөн жылга караганда 2,2 эсе көптүк кылат", — деп айтылат билдирүүдө.

Мекеме 181 коррупциялык көрүнүшкө бөгөт коюп, анын баарына кылмыш иши козголгонун белгилейт. Кызматтык кылмыш фактысы боюнча 96 иш козголсо, анын 14ү паракорчулук менен байланышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0