"Горная Поляна" конушунда жаңы ФАП ачылды

© Sputnik / Владимир Вяткин / Медиабанкка өтүүМед айым. Архив
Мед айым. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эң алыс жайгашкан жаңы конуштагы медициналык жайды ачууга 2 млн. 901 миң сом жумшалды.

БИШКЕК, 27-окт. – Sputnik. Ош шаарынын "Горная Поляна" конушунда жаңы ФАП ачылып, эми анын жашоочуларын медициналык жактан тейлөөнүн сапаты жакшырды. Бул туурасында Ош шаардык мэриясынын маалымат кызматы билдирди. 

Ош облусунда 30 млн. сомдук объектилер пайдаланууга берилди
Жаңы медициналык жайды ачууга 2 млн. 901 миң сом жумшалды. Анын 145 миңи жергиликтүү бюджеттен каралды. Ал эми калган бөлүгүн Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттиги көтөрүп, 2 млн. 757 миң сом бөлдү.

Үч миңге чукул жашоочусу бар "Горная Поляна" №12 "Курманжан-Датка" аймактык кеңешине караган шаардын эң алыскы конуштарынын бири. Буга чейин аталган жерде бир дагы социалдык объект болгон эмес.

Жаңылыктар түрмөгү
0