Атамбаев өкмөттү отставкага кетирди

Жазылуу
Премьер-министр Темир Сариев баштаган өкмөт мүчөлөрү жаңы өкмөттүн курамы түзүлгүчө милдеттерин аткарууну улантышат.

БИШКЕК, 28-окт. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев өкмөттү отставкага кетирди. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди. 

Жогорку Кенештеги депутаттын портфели. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жогорку Кеңештин жаңы чакырылышы өз ишин баштады
Атамбаев бүгүн, 28-октябрда, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн отставкасы жөнүндө" Жарлыкка кол койду.

Ага ылайык, Жогорку Кеңештин VI чакырылышы өз ишин баштап, мурунку парламенттин "Мамлекеттүүлүктү бекемдөө үчүн" коалициясынын көпчүлүк статусун жоготкондугуна байланыштуу өкмөт отставкага кетти деп эсептелинет. 

Ал эми премьер-министр, биринчи вице-премьер, вице-премьерлер жана өкмөт мүчөлөрү мурда ээлеген кызмат орундарына ылайык милдеттерин аткарууну өкмөтүнүн жаңы курамы түзүлгөнгө чейин улантышат. 

Жарлык кол коюлган учурдан баштап күчүнө кирет.

Жаңылыктар түрмөгү
0