Шүкүровдун үй-бүлөсү үчүн Сариевдин жеке каражатына курулуп жаткан үй бүтүп калды

Жазылуу
Шүкүровдор ден соолугу боюнча мүмкүнчүлүгү чектелген майып болгондуктан, эч кимиси иштей албайт. Өкмөт башчы сентябрь айында үй-бүлө менен жолугуп, жаңы үй салып берүүгө убада берген.

БИШКЕК, 28-окт. — Sputnik. Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Темир Сариевдин жеке каражатына курулуп жаткан Шүкүровдордун үйү соңуна чыгуу алдында турганын өкмөттүн маалымат кызматынын жетекчиси Назира Ахмедова билдирди.

24-сентябрь Курман айт күнү Сариев Шүкүровдордун үйүнө барган. Майыптыгына байланыштуу үй-бүлөнүн бир да мүчөсү иштебей турганы анык болгон. Үй-бүлө майыптык боюнча бериле турган компенсация жана жөлөк пул алган жарандардын катарында турат.

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевПремьер-министр Темир Сариевдин жеке каражатына курулуп жаткан Шүкүровдордун үйү соңуна чыгуу алдында
1/2
Премьер-министр Темир Сариевдин жеке каражатына курулуп жаткан Шүкүровдордун үйү соңуна чыгуу алдында
© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевҮй-бүлө майыптык боюнча бериле турган компенсация жана жөлөк пул алган жарандардын катарында турат.
2/2
Үй-бүлө майыптык боюнча бериле турган компенсация жана жөлөк пул алган жарандардын катарында турат.
1/2
Премьер-министр Темир Сариевдин жеке каражатына курулуп жаткан Шүкүровдордун үйү соңуна чыгуу алдында
2/2
Үй-бүлө майыптык боюнча бериле турган компенсация жана жөлөк пул алган жарандардын катарында турат.

Үй ээси Сариев менен сүйлөшүү учурунда көптөн бери үйдү оңдоо кыялы бар экенин билдирген. Өкмөт башчынын милдетин аткаруучу дароо жаңы үй куруп берүүнү тапшырган.

Ахмедованын айтымында, учурда үйдүн ички жасалгасы калды.

"Кожейке мындай турак жайды түшүндө да көрбөгөнүн айтып, чексиз ыраазычылыгын билдирүүдө", — деди ал.

Маалымат кызматы үйдүн курулушуна канча каражат чыгымдалганын тактаган жок.

Жаңылыктар түрмөгү
0