Баткендин чек арага жакын айылдарында милиция балдарды мектепке коштоп барууда

Жазылуу
Баткендин Тажикстан менен чектеш аймактарындагы айылдарда милиция окуучуларды мектепке коштоп барып келүүдө.

Кыргызстандын чек арасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Искендеров: КР менен Тажикстандын чек арасындагы 48 чакырым жер эч кандай алмашылбайт
Жергиликтүү милициянын маалыматына ылайык, Таш-Тумшук айылы Тажикстан менен чектешкендиктен такталбаган жерлер көп. Кыргызстандык окуучулар айылды аралап мектепке барышат. Андыктан тажик окуучулары менен келишпестиктер көп чыгат.

Милициянын аймактык тескөөчүсү Эркин Бөрүбаевдин айтымында, окуучулар арасындагы келишпестикти болтурбоо үчүн жаш өспүрүмдөр инспектору жана атайын күзөт кайгуул кызматынын бир өкүлү күнүгө окуучуларды мектепке коштоп барып келет.

Тажикстандын милициясы менен кээде биргелешкен аракеттер жүргүзүлөт. Тажик милициясы күнүгө эле чыкпайт. Кыргызстандын милициясы балдарды күнүгө коштоп барып келерин Бөрүбаев кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0