Британия бийлиги Лондондо ири мечиттин курулушуна тыюу салды

© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүМечит куруу иштери. Архив
Мечит куруу иштери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мечит Бириккен Падышалыктын борбору Лондондун чыгышындагы Ньюэм аймагында курулмак. Көлөмү жагынан Ыйык Павелдин англикандык чиркөөсүнөн чоң болот деп болжолдонгон "Мега-мечит" 9 миң 300 адамга эсептелген болчу.

БИШКЕК, 30-окт. — Sputnik. Улуу Британиянын өкмөтү Лондон шаарында ыйык Павелдин чиркөөсүнөн чоң боло турган мусулмандардын сыйынуу жайын курууга тыюу салды. 

Мечитти Лондондун чыгышындагы Ньюэм аймагына салуу пландалып жаткан. Бирок райондун муниципалитети крулушту жүргүзүүгө уруксат берген жок. Долбоордун ээлери өкмөткө кайрылып, бирок ал да жергиликтүү бийликтин чечимин колдоп койду. 

"Министрлер бүгүн мечитти курууга тыюу салуу жөнүндө чечимдин үстүнөн түшкөн доо арызды четке какты", — деп билдирет өкмөттүн өкүлү. 

Долбоорго ылайык бул ири мечиттин негизги жайында 9 миң 300 жана кошумча бөлмөсүндө 2 миң сыйынуучу батмак. Бул шаардагы ыйык Павелдин чиркөөсүнөн чоңдук кылат деп айтылат Evening standard гезитинде.

Мындай ири мечитти курууга уруксат алууга Tablighi Jamaat мусулмандар кыймылы 10 жылдан бери далалат кылып келет. 2007-жылы мечиттин курулушуна каршы 250 миңден ашык адам кол койгон. 

Жаңылыктар түрмөгү
0