Сариев Тажикстанда КМШ премьерлеринин Рахмон менен жолушуусуна катышты

© пресс-служба правительства КРПремьер-министрдин милдетин аткаруучу Темир Сариев. Архив
Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Темир Сариев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тажикстандын борбор калаасы Душанбеде КМШ өлкөлөрүнүн премьер-министрлери кезектеги жыйынга чогулушту.

БИШКЕК, 30-окт. — Sputnik. Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Темир Сариев Тажикстан президенти Эмомали Рахмондун КМШ өлкөлөрүнүн өкмөт башчылары менен болгон жолугушуусуна катышты.

Сариев Тажикстанга иш сапары менен кечээ, 29-октябрь күнү жөнөп кеткен. 

Жолугушууда тажик президенти Рахмон жыйын катышуучуларын ийгилик каалады. 

"Дүйнөлүк каатчылыктан улам КМШ өлкөлөрү саясий, экономикалык, аскердик жана маданий-гуманитардык жааттагы маселелерди биригип чечүүсү зарыл. Ишиңиздерге ийгилик каалайм", — деди өлкө башчы.

Маалыматка ылайык, жыйындын күн тартибиндеги маселелер алгач тар чөйрөдө, андан кийин кеңейтилген чөйрөдө талкууланмакчы. 

Тажикстандын борбор калаасы Душанбеде КМШ өлкөлөрүнүн премьер-министрлери кезектеги жыйынга чогулушту.

Жаңылыктар түрмөгү
0