КМШ өкмөт башчыларынын жыйынында 40 документке кол коюлду

Жазылуу
Документтер каржы, социалдык-экономикалык, укук коргоо жаатындагы ар тараптуу кызматташуу маселелерине арналган.

БИШКЕК, 30-окт. — Sputnik. КМШ мамлекеттеринин премьер-министрлери 40 документке кол коюшту.

Сариев терроризмдин Борбор Азия жана КМШга бүлүк салышына жол берилбейт деди
Мында документтер абадан коргонуу, ошондой эле соода-экономикалык кызматташуу, гуманитардык байланыш, укук коргоо органдарынын өз ара аракеттенүүсү, финансы жана социалдык-экономикалык жааттагы маселелерге арналган.

Негизинен өкмөт башчылар эркин соода аймагы тууралуу 2011-жылдын 18-октябрында кабыл алынган Келишимдин жоболорун ишке ашыруунун жүрүшү жана КМШ мамлекеттеринин 2020-жылга чейин экономикалык өнүктүрүү стратегиясынын үчүнчү этабын ишке ашыруу кадамдары боюнча чечим кабыл алышты. 

Өзгөчө кырдаалдар кесепеттерин жоюу жана алдын алуу жаатындагы өз ара аракетке багытталган документтерге кол коюлду. Мындан тышкары, КМШ мамлекеттеринин абадан коргонуу боюнча биргелешкен системаны түзүү жана аны өнүктүрүүнүн каржы жагы чечилди. 

Атамбаев: КМШ мамлекеттеринин юбилейлик саммити Бишкекте өтөт
Жыйын соңу менен эл аралык электр байланыш кызматын көрсөтүүдө операторлордун арасындагы эсептешүүнүн жол-жобосу аныкталган долбоор бекитилди. Муну менен бирге 2020-жылга чейин унаа каражаттары үчүн мотордук отун катары пайдаланыла турган жаратылыш газын колдонууну өнүктүрүүгө багытталган иш-чаралардын долбоору кабыл алынды.

Кыргызстан КМШга 2016-жылы төрагалык кылат. Кийинки жылдын сентябрь айында Бишкекте КМШ президенттеринин алгачкы жолугушуусу өтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0