Бүгүн Азербайжанда парламенттик шайлоо өтүп жатат

© Sputnik / Владимир Федоренко / Медиабанкка өтүүАзербайджан мамлекетинин Милли Межлиси. Архив
Азербайджан мамлекетинин Милли Межлиси. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Азербайжандын бардык аймагында шайлоо участкалары ачылды. Эртең мененки саат 8.00дө жарандар парламентке келчү депутаттарга өз добуштарын берип баштады. Азербайжандын Борбордук шайлоо комиссиясы билдиргендей, парламенттеги 125 орунга 769 талапкер ат салышууда.

БИШКЕК, 1-ноя. — Sputnik. Азербайжанда 5,5 миңден ашык шайлоо участкалары ачылып, парламенттик шайлоо өтүп жатканын өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) билдирди.

БШКнын маалыматына ылайык, парламенттеги 125 орунга 769 талапкер ат салышууда. Башкача айтканда бир орунга алтыдан талапкер туура келет. Шайлоого 15 партия жана курамында жети партия болгон "Азадлыг-2015" блогу катышууда.

Белоруссия президенти Александр Лукашенко. Архив - Sputnik Кыргызстан
Александр Лукашенко Белоруссияда президенттик шайлоодо жеңип чыкты
Шайлоо участкалары жергиликтүү убакыт боюнча эртең мененки саат 8.00дө (Бишкек убактысы боюнча 10.00) ачылды жана ал кечки жетиде жабылат. БШКнын расмий сайтындагы маалыматка ылайык, каттоодон өткөн шайлоочулардын саны 5,1 миллионду түзөт. 

БШК 63 миңден ашык жергиликтүү байкоочуну жана 500гө жакын чет элдик байкоочуларды каттады. 

Азербайжандын парламенти – Милли Межлис бир палаталуу мыйзам чыгаруучу орган болуп саналат. Анда 125 депутат бар. Алар мажоритардык система аркылуу шайланат. Өлкөнүн аймагы бир мандаттуу 125 округга бөлүнгөн. Талапкерлерди партиялар жана саясий блоктор, демилгелүү топтор көрсөтө алат. Ошондой эле өзүн-өзү көрсөтүү да каралган.

Жаңылыктар түрмөгү
0