Футбол федерациясы калыстардын мектеби ачылганын жарыялады

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Абдыш-Ата" — "Наше пиво" футбол беттешиндеги калыс. Архив
Абдыш-Ата — Наше пиво футбол беттешиндеги калыс. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мектептин максаты — Кыргызстандын чемпионаттарында калыстык кыла турган квалификациялуу арбитрлерди даярдоо.

БИШКЕК, 1-ноя. — Sputnik. Кыргызстандын Футбол федерациясы Футбол арбитрлеринин мектеби ачылганын жарыялады.

Федерациянын маалымат кызматы билдиргендей, мектептин угуучуларын кабыл алуу 1-декабрга чейин жүрөт. Катышууну каалагандарга чек коюлбайт, бирок алардын жашы 18ден 30га чейин болушу зарыл.

Окуулар декабрда башталып, үч айга созулуп, сертификаттар тапшырылат. Андан соң алар окуусун Футбол федерациянан улантышат. Даярдоодон ийгиликтүү өткөндөр Кыргызстандын чемпионаттарында калыстык кылууга укук алышат.

Жаңылыктар түрмөгү
0