Сокулук районунда автоунаа ала салып, эки киши каза болду

© Sputnik / Юрий Лашов / Медиабанкка өтүүТез жардам автоунаалары. Архив
Тез жардам автоунаалары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
20 жаштагы жергиликтүү тургун "Мереседес-Бенц-220" автоунаасын айдап баратып рулду башкара албай жолдон чыгып бакты сүзгөндөн кийин ала салып кеткен.

БИШКЕК, 5-ноя. — Sputnik. Сокулук районунун Чат-Көл айылында автомашина ала салып, эки киши каза болуп, бир киши жаракат алган. Бул тууралуу Чүй ИИББдин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 4-ноябрда түнкү саат 1.00дө Сокулук РИИБине жол кырсыгы тууралуу билдирүү түшкөн. 

Автоунаанын дөнгөлөгү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкек — Ош жолундагы автокырсыктан Таш-Көмүрдүн 37 жаштагы тургуну каза болду
20 жаштагы жергиликтүү тургун "Мереседес-Бенц-220" автоунаасын айдап баратып рулду башкара албай жолдон чыгып бакты сүзгөндөн кийин ала салып кеткен. 

Жол кырсыгынын кесепетинен 19 жаштагы кыз (Ысык-Көл облусунун тургуну) жана 20 жаштагы бала (Чүй облусунун тургуну) каза болгон. Машинанын ичиндеги үчүнчү жүргүнчү (22 жашта) түрдүү жаракаттар менен аймактык ооруканага жеткирилген.

Автоунаа айып короого алып келинип, жол кырсыгынын чоо-жайы териштирилүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0