Баткен районунда мечит имамдарына талаптар күчөтүлдү

© Sputnik / Артем Креминский / Медиабанкка өтүүМечиттеги мусулмандар. Архив
Мечиттеги мусулмандар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Баткен районунун баш имам хатиби айыл өкмөттөрдө көчмө жыйын өткөрүү менен өз ишин так аткарбаган имамдарга эскертүүлөрдү берди.

БИШКЕК, 6-ноя. — Sputnik. Кыргызстандын муфтийинин буйругуна ылайык Баткен районундагы имамдарга талап күчөтүлдү. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти.

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети муфтийи Максатбек ажы Токтомушев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Муфтий: диний окуу жайларда бир программанын негизинде иш алып барууну күчөтүү зарыл
Буйруктун негизинде Баткен районунун баш имам хатиби Нуридин Мамасабыров айыл өкмөттөрдө көчмө жыйын өткөрүү менен өз ишин так аткарбаган имамдарга эскертүүлөрдү берди.

Жыйындын максаты буга чейин берилген буйруктарды жеринен текшерүү болгонун райондун баш имам хатиби билдирди.

Чогулушта бир канча каттуу талаптар коюлуп, дүйнө жүзүнө коркунуч туудурган экстремизм, тероризм боюнча да талкуу болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0