Бүгүн күн 12 градуска чейин жылыйт

Жазылуу
Күндүз ала-булут каптап турат, кечинде бир аз жаан жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрден 14 метрге чейин жетет.

БИШКЕК, 7-ноя. — Sputnik. Бүгүн Бишкек шаарында күн 12 градуска чейин жылый турганын Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматка ылайык, күндүз ала-булут каптап турат, кечинде бир аз жаан жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрден 14 метрге чейин жетет.

6-ноябрдан 9-ноябрга чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек – Ош кан жолунда кар көчкү түшүп, күрткү пайда болот. Тоолуу аймактарда жолдор тайгак болуп муз тоңот. Автоунаалардын ортосунда 500 метр аралыкты сактоо керектигин Кыргызгидромет эскертет.

Жаңылыктар түрмөгү
0