Бишкек жана Чүй облусунун айрым жерлеринде үч күн маал-маалы жарык өчүшү мүмкүн

© flickr.com / Harsh AgrawalШам жарыгы. Архив
Шам жарыгы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Түндүкэлектр" ишканасы айрым көмөкчордондордон тараган электр зымдары оңдоло тургандыктан жарык өчүп турарын эскертет.

БИШКЕК, 7-ноя. — Sputnik. Ишемби күндөн тарта шейшемби күнгө дейре Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун айрым аймактарында электр жарыгы өчүрүлөт. Бул тууралуу "Түндүкэлектр" ишканасы билдирди.

Өрттөн улам жарыксыз калган аймактарга электр энергиясы берилди
Маалыматка ылайык, 7-ноябрда саат 09:00дөн 17:00гө чейин Бишкек шаарынын Панфилов көчөсүндөгү №153, 155 жана Бөкөнбаев көчөсүндөгү №134А көп кабатту үйлөрдө электр жарыгы өчөт.

Ал эми 8-ноябрда саат 09:00дөн 17:00гө чейин Тимирязев көчөсүндөгү №№ 12, 37, 42; Үмөталиев көчөсүндөгү №34; Манасчы Сагымбай көчөсүндөгү №264 көп кабаттуу үйлөрдө жарык өчөт. Андан сырткары Москва/Үмөталиев көчөлөрүндөгү №2965, 145 трансформаторлору оңдолот.

10-ноябрда саат 09:00дөн 17:00гө чейинки аралыкта Абай, Кремлевская, Скрябин, Медеров, Ашхабат, Панфилов, Орлов көчөлөрүндө, Ош тар көчөсүндө кыска мөөнөткө электр жарыгы үзгүлтүкө учурайт. Ошондой эле, Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Сокулук айылында, Шопоков шаарында, Южный кыштагында дагы жарык өчөт. Себеби, "Александровка" көмөкчордонунан тараган 10 киловаттуу электр зымдары оңдолот.

Жаңылыктар түрмөгү
0