Бишкекте Садыгалиев көчөсү оңдоо иштеринен кийин ачылды

Жазылуу
Ремонттун алкагында жолго эки катмарлуу асфальт төшөлүп, ирригациялык система жана бордюрлар орнотулду.

БИШКЕК, 7-ноя. — Sputnik. Бишкек шаарындагы Садыгалиев көчөсү оңдоо иштеринен кийин жол кыймылы үчүн ачылганын Капиталдык курулуш башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, учурда аталган көчөнүн Лев Толстойдон Дэн Сяопинге чейинки бөлүгү ремонттолуп бүттү. Анын алкагында жолго эки катмарлуу асфальт төшөлүп, ирригациялык система жана бордюрлар орнотулду.

Башкармалык жакын арада жарыктандыруу, жол чийин түшүрүү, тротуарларды белгилеп, жол белгилерин орнотуу боюнча иштер соңуна чыга турганын белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0