Өкмөт салык төлөөдөн качкандарга катуу чара көрөт

Жазылуу
Премьер-министр тиешелүү органдардын республикалык бюджеттин киреше бөлүгүн толтурууда салык, бажы төлөмдөрүн чогултуу боюнча майнаптуу иштөө зарылдыгын айтты.

БИШКЕК, 10-ноя. — Sputnik. Өкмөт башчысы Темир Сариев кечээги жыйында салыкты төлөбөй, мыйзамда көрсөтүлгөн милдеттерин аткарбагандарга карата катуу чаралар көрүлүшү керектигин айтты. 

Базардагы сатуучулар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ишкерлер соода көлөмүнүн азайышын түшүндүрүштү
Премьер-министр республикалык бюджеттин аткарылышы жана ата мекендик өндүрүшчүлөргө колдоо маселелерин талкуулаган жыйын өткөрдү.

Өкмөт башчысы тиешелүү органдардын республикалык бюджеттин киреше бөлүгүн толтурууда салык, бажы төлөмдөрүн чогултуу боюнча майнаптуу иштөө зарылдыгын айтты. 

Бул жаатта Мамлекеттик Салык кызматы жана Бажы кызматынын жетекчилерине ишти күчөтүүнү тапшырды. Премьер-министр бул багытта анализди күчөтүп, төлөмдөрдү төлөөдөн качкан ишкерлерге катуу чараларды көрүүнү айтты.

"Президент жана өкмөт убада кылгандай, Кыргызстанды "бизнес үчүн бейиш жайга" айландырып, бардык шартты түзүп берүүгө аракет кылууда. Бул багытта текшерүүлөрдү азайтып, бюрократиялык убаракерчиликтерди жок кылуу, электрондук отчет жүргүзүүгө өтүү боюнча иштер жүрүп жатат. Ошол эле учурда ким салыкты төлөбөсө, мыйзамда көрсөтүлгөн милдеттерди аткарбаса, ага карата катуу чаралар көрүлүшү керек", — деди Сариев.

Ал өкмөт "ким салыкты толук төлөп, мыйзамды аткарса, колдоого ээ болот, төлөбөсө тиешелүү чаралар көрүлөт" деген негизде иш алып баруу зарылдыгын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0