Аялды куткарам деп сууга чөгүп кеткен милиционердин үй-бүлөсүнө 100 миң сом берилди

Жазылуу
Милиция кызматкери Токмоктун каналында агып бара жаткан аялды куткарууга аракет кылган. Тилекке каршы, экөө тең суудан чыга алган эмес.

БИШКЕК, 10-ноя. — Sputnik. Сууга агып бара жаткан аялды куткарууга аракет кылып өзү да чыга албай калган милиционер Тынчтык Абдрахмановдун үй-бүлөсүнө материалдык жардам көрсөтүлгөнүн Sputnik агенттигине ИИМ билдирди.

Маалыматка ылайык, министрлик 100 миң сом бөлүп, ал эми Чүй облустук ШИИБ кызматкерлери бир күндүк айлык акысын которуп беришкен.

Милиция кызматкеринин баш кийими. Архив - Sputnik Кыргызстан
Токмок шаарындагы каналга агып бараткан аялды куткарам деген милиция да чөгүп кетти
Кырсык 8-ноябрь күнү Токмок шаарында болгон. Милицияга каналда агып бара жаткан аял тууралуу маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге Токмок шаарынын ИИБ ыкчам-иликтөө тобу менен тез жардам кызматкерлери жөнөтүлгөн.

Биринчи болуп милиционерлер келишкен. Агып бара жаткан аялды куткаруу үчүн кичи сержант Абдрахманов сууга секирген. Катуу агымдан улам экөө тең өз алдынча суудан чыга алышкан эмес. 26 жаштагы милиционер менен болжол менен ошол эле курактагы аялдын сөөгү Бишкек — Кемин унаа жолунун 59-чакырымында каналдын бүткөн жеринен табылган.

Абдрахманов укук коргоо органдарында 2013-жылдан бери эмгектенип келген. Артында аялы жана эки баласы калды.

Жаңылыктар түрмөгү
0