АКШ "Аш-Шабаб" тобунун лидерлери жөнүндө маалымат үчүн сыйлык жарыялады

© AFP / MARK RALSTONАКШ желеги. Архив
АКШ желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри Сомали мамлекетиндеги "Аш-Шабаб" террордук тобунун лидерлери жөнүндө маалымат үчүн 6 миллион долларга чейин сыйлык белгилөөнү жактарды.

БИШКЕК, 11-ноя. — Sputnik. АКШ "Аш-Шабаб" тобунун лидерлери жөнүндө маалымат бергендер үчүн сыйлык бере турганын жарыялады. Бул тууралуу Американын мамлекеттик департаментинен билдиришти.

"Мамлекеттик катчы Жон Керри Абу Убайданын турган жери жөнүндө маалымат бергендерге алты миллион долларга чейин, Махад Карате, Маалим Дауд жана Хасан Афгу тууралуу маалыматка беш миллион долларга чейин жана Маалим Салман, Ахмед Иман Али үчүн үч миллион долларга чейин берилет",— деп айтылат мамлекеттик департамент тараткан билдирүүдө.

Левантадагы Аль-Каида согушкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Аль-Каида" террорчуларды Россия менен Батышка каршы биригүүгө чакырды
Жекшембиге караган түнү "Аш-Шабаб" радикалдык тобу Сомалинин борбору Могадишо шаарындагы мейманканага кол салган. Анын кесепетинен 17 киши каза болуп, 25 киши жаракат алган.

"Аш-Шабаб" радикалдык тобу ("Жаш можахеддердин кыймылы") "Аль-Каида" эл аралык террордук тобу менен тыгыз байланышта делинет жана Сомалиде жайгашкан.

Алар өлкөнүн борбордук өкмөтүнө карата куралдуу каршылык көрсөтүп жана БУУнун гуманитардык ишмердигине тоскоолдук жасап келет. Аталган уюмду 2008-жылы АКШ террористтик топтордун катарына киргизген.

Жаңылыктар түрмөгү
0