Бишкектин Октябрь районунда жаңы бала бакча пайда болот

© Sputnik / Константин Чалабов / Медиабанкка өтүүБала бакча. Архив
Бала бакча. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бала бакчанын курулушун 2015-жылдын аягында бүтүрүү каралган. Учурда имаратты жасалгалоо иштери жүрүп жатат.

БИШКЕК, 12-ноя. — Sputnik. Октябрь районунун акими Болот Алымкулов "Көк-Жар" жаңы конушунда бала бакчанын курулушу менен таанышып чыкканын мэрия билдирди.

Бишкекте дагы бир бала бакча ачылды
№182 бала бакча биринчи кезекте жаңы конуштун жашоочуларына арналган. Курулуш иштерин жыл аягына чейин бүткөрүү пландаштырылган.

Алымкулов жаңы конуштарда мындай мекемелерди куруунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, тез арада бүткөрүүнү талап кылды. Учурда имараттын ички жасалгалоо иштери жүрүп жатат. Бала бакча 280 бөбөккө эсептелген.

Жаңылыктар түрмөгү
0