Жер сатып берем деп 250 миң сом алып кеткен жаран колго түштү

© Sputnik / Табылды КадырбековМилициянын фуражкасы жана акча. Архив
Милициянын фуражкасы жана акча. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Соодагер жерди Военно-Антоновка айылынан сатып бермекчи болгон. Акчаны алгандан кийин эки ай бою дайын-дарексиз кеткендиктен, жер тилкесин сатып ала турган жаран милицияга арыз менен кайрылган.

БИШКЕК, 12-ноя. — Sputnik. Жер тилкесин сатып берем 26 жаштагы жарандын 250 миң сомун алдап алып кеткен Чүй районунун тургуну кармалганын Чүй облустук ШИИБ билдирди.

Кол кишен жана акча. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ошто Социалдык фонд кызматкерлери пара алып жаткан жеринен кармалышты
Маалыматка ылайык, соодагер жерди Военно-Антоновка айылынан сатып бермекчи болгон. Акчаны алгандан кийин эки ай бою дайын-дарексиз кеткендиктен, жер тилкесин сатып ала турган жаран милицияга арыз менен кайрылган.

Иликтөө иштеринин натыйжасында аталган кылмышка шектелип 34 жаштагы Чүй районунун тургуну кармалды. Ага карата "Алдамчылык" беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0