Жер титирөөдөн улам Кара-Кулжада жарык өчүп, терезелер сынды

Жазылуу
Жер титирөөнүн кесепетинен үйлөр жабыркады, бирок жарык эмне себептен өчкөнүн жеригиликтүү тургундар билбей турганын билдирди.

БИШКЕК, 18-ноя. — Sputnik. Ош облусунун Кара-Кулжа районунун тургуну Талант Мамасалиев жер титирөөдөн улам, үйлөрдүн терезелери сынганын айтып, электр жарыгы өчкөнүн билдирди.

Анын айтымында, ал айылдаштарына чалганда үйлөрдүн терезелери сынганын айтышкан.

"Бизде жарык өчтү. Коңшу айылдарда да жарык жок. Караңгы болгондуктан эч нерсе көрүнбөй жатат", — дейт ал.

Сейсмограф. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда жер титиреди
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, алдын ала маалыматтар боюнча жер титирөөнүн очогу Кара-Суу районундагы Кара-Тай айылында болгон. Жердин силкинүүсү 5-6 баллды түзгөн.

Райондук электр тармагынан билдиришкендей, электр жарыгы өз алдынча өчкөн.

"Өчүү жогорку чыңалуудагы подстанцияларды болушу мүмкүн. Азырынча так маалымат жок. Райондун аймагында жарым сааттай жарык болгон жок. Учурда жарык берүү запастагы фидер менен берилди", — деп райондук электр тармагынан билдиришти.

Жер титирөөнүн очогу Кыргызстандын аймагында катталганын Европа-Жерортолук деңиз сейсмология борбору билдирди. Жер титирөөнүн очогу Ош шаарынан чыгышты карай 45 чакырым, Бишкек шаарынан түштүк-батышты карай 272 чакырым жана Жалал-Абаддан түндүк-чыгышты карай 73 чакырымда орун алган.

Жаңылыктар түрмөгү
0