Тубаса оорудан көз жумган кыргызстандык ымыркайлардын саны өсүүдө

© Sputnik / Григорий Василенко / Медиабанкка өтүүПатология бөлүмүндө жаткан ымыркай. Архив
Патология бөлүмүндө жаткан ымыркай. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Улуттук статистикалык комитеттин билдирүүсү боюнча нерв системасынан жабыркап чарчаган наристелер да күн сайын арбып барат.

БИШКЕК, 18-ноя. — Sputnik. Жыл башынан бери тубаса оорудан былтыркыга салыштырмалуу 20 ымыркайга көп чарчаганын Улуттук статистикалык комитет билдирди.

Бишкетин борбор аянттагы болгон концерттин күйөрмандары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Статком алты миллионунчу кыргызстандык 26-ноябрда төрөлөрүн тактады
Маалыматка ылайык, бул убакыт аралыгында дарттан бир жашка чейинки 321 наристе көз жумган. Мындан тышкары, нерв системасынын жабыркашынан чарчаган бөбөктөрдүн да саны өсүүдө.

Статком ымыркайдын көбү төрөттөн кийин пайда болуучу абалдан улам өлгөнүн белгилейт — төрт баланын үчөө дал ушул себептен көз жумган.

Мекеменин отчетунда үстүбүздөгү жылдын январь-август айларынын аралыгында бир жашка чейинки 1970 ымыркай чарчаганын, бул былтыркыга салыштырмалуу 10 пайызга аз көрсөткүч экени айтылат.

 

Жаңылыктар түрмөгү
0