Жалал-Абадда күч түзүмдөрү күжүрмөн даярдыктан өтүштү

© пресс-служба УВД города Жалал-АбадЖалал-Абад шаарындагы күч түзүмдөрүнүн окуулары учурунда.
Жалал-Абад шаарындагы күч түзүмдөрүнүн окуулары учурунда. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Күч түзүмдөрү Жалал-Абад шаарынын Кара-Дарыя айылынын Серный кыштагындагы аскердик полигонго чейинки 20 чакырым аралыкты жөө басып өтүштү.

БИШКЕК, 23-ноя. — Sputnik. "Мекеним менин – Кыргызстан" долбоорунун алкагында Жалал-Абад ОИИБнын демилгеси менен облустагы фискалдык жана күч түзүмдөрүнүн өздүк курамдарынын, коомчулуктун ортосундагы ынтымакты, достукту чыңдоо максатында күжүрмөн даярдыктарын күчөтүү үчүн аскердик жүрүш өттү. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.

Аскердик жүрүшкө Жалал-Абад, Сузак, Базар-Коргон, Ноокен, Майлуу-Суу шаар-райондорундагы аскер комиссариаттары, Ички иштер органдарынын өздүк курамы, ӨКМ, финансы полициясы, Бажы кызматынын жана Жалал-Абад шаарындагы № 704 аскер бөлүктөрү катышты.

Атамбаев: аскердик реформа үчүн Коргоо министрлиги башка макамга ээ болушу шарт
Андан сырткары, жүрүшкө Афган жана Баткен коогалаңынын катышуучулары, ММК өкүлдөрү, мектеп окуучулары да күбө болушту. 

Жүрүш катышуучулары Жалал-Абад шаарынын Кара-Дарыя айылынын Серный кыштагындагы аскердик полигонго чейинки 20 чакырым аралыкты жөө басып өтүштү. Ошондой эле полигондо куралдардан ок атуу, аскердик жүрүшкө катышкан бөлүктөр арасында ар кандай спорттук мелдештер уюштурулду. 

Жүрүшкө катышкан 1000дей адамга аскердик талаа ашканасынан атайын түшкү тамактар берилди. 

Коопсуздукту камсыздоо жана жалпы уюштуруу маселелерин Жалал-Абад ОИИБ өз жоопкерчилигине алган. 

Бул "Антитеррор-2015" аталыштагы машыгуулардын биринчи этабы болуп саналат, ал эми кийинки этабы УКМК менен биргеликте "Террористтерди жок кылуу", "Барымтадагыларды куткаруу" сыяктуу аскердик күжүрмөн окуу машыгуулары өтөт, деп айтылат билдирүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0