Япония Бишкек — Ош унаа жолундагы көпүрөнүн курулушуна $10 млн. бөлөт

© flickr.com / inu-photoЯпониянын желеги. Архив
Япониянын желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Көпүрө 20 жылдан бери ремонттон өтө элек. Транспорт министрлиги анын тирөөчтөрү 1998-жылкы селден жабыркаганын белгилейт.

БИШКЕК, 23-ноя. — Sputnik. Япония Бишкек — Ош унаа жолундагы Көк-Арт көпүрөсүн оңдоого 1 миллиард 196 миллион йен (болжол менен 9,8 миллион доллар) бөлөт. 

Чет элдик насыя менен гранттын басымдуу бөлүгү транспорт жана энергетикага жумшалат
Транспорт жана коммуникация министрлиги Кыргызстан өкмөтү менен Япон эл аралык кызматташуу (JICA) агенттигинин ортосундагы гранттык макулдашууну ратификациялоо долбоорун Жогорку Кеңештин кароосуна алып чыгат. 

Негиздемеде айтылгандай, Бишкек — Ош унаа жолу насыя эсебинен реабилитацияланганы менен Маданият — Көк-Арт тилкеси (70 чакырым) ошол маалда абалы талаптагыдай болгондуктан, долбоорго кирбей калган. 

Көпүрө оңдолбогон тилкеде жайгашкан. Ал 1969-жылы курулуп, акыркы 20 жыл ичинде ремонттон өткөн эмес. Министрлик 1998-жылы Сузактагы сел көпүрөнүн тирөөчтөрүн бузуп кеткенин белгилейт.

Өкмөт реконструкция маселесин артыкчылык катары карап, Япониянын өкмөтүнө көпүрөнү толугу менен алмаштырууга жардам берүү өтүнүчү менен кайрылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0