Эл аралык фестивалда Кыргызстандын намысын подъезд жууган балдар тууралуу тасма коргойт

© flickr.com / Nic McPheeКинолента. Архив
Кинолента. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Үстүбүздөгү жылдын 12-декабрында баштала турган эл аралык кинофестивалдын улуттук сынагына жергиликтүү 110 тасма катышары белгилүү болгон.

БИШКЕК, 25-ноя. — Sputnik. Бишкекте өтө турган "Кыргызстан — кыска метраждуу тасмалардын өлкөсү" эл аралык кинофестивалынын негизги сынагына Кыргызстандын атынан "Аруулук балдары" аттуу тасма катышарын "Айтыш-фильм" киностудиясы билдирди.

Кинопленка. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыска метраждуу тасмалардын фестивалына казакстандык режиссер калыс болот
Маалыматка ылайык, тасма жаш режиссер Гузель Дүйшөнкуловага таандык. "Тазар" киностудиясынын колдоосу менен тартылган фильмге белгилүү режиссер Темир Бирназаров продюсерлик кылган.

Тасма майып ата менен арак ичкен эненин колунда өскөн кичинекей бир туугандар — агасы менен карындашынын жашоосун баяндайт. Анда сабактан чыккандан кийин подъезддерди тазалап күн кечирген эки өспүрүмдүн турмушу чагылдырылган.

"Кыргызстан — кыска метраждуу тасмалардын өлкөсү" эл аралык кинофестиваль Бишкек шаарында 12-декабрды башталып, үч күнгө созулат. Буга чейин фестивалдын улуттук сынагына катыша турган жергиликтүү 10 тасма белгилүү болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0