Эрдоган: Түркия аба күчтөрү Су-24тү бутага алганда Россияныкы экенин билген эмес

© Sputnik / Сергей Гунеев / Медиабанкка өтүүТүркиянын президенти Тайып Эрдоган. Архив
Түркиянын президенти Тайып Эрдоган. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кечээ түрк F-16 учагы атып түшүргөн Су-24 Россия Федерациясына тиешелүү экени Анкарага окуя болгон соң Москванын билдирүүсүнөн кийин белгилүү болду деп ырастайт Түркиянын президенти.

БИШКЕК, 25-ноя. — Sputnik. Түрк бийлиги өлкөнүн аскердик аба күчтөрү россиялык аскер учагын атып түшүргөнүн РФтин Коргоо министрлиги ырастагандан кийин гана билген деди Түркиянын президенти Тайып Эрдоган Стамбулда өткөн эл аралык ислам экономикалык конгрессинде.

"Учак Россия Федерациясына тиешелүү экени РФ бийлиги айткандан кийин гана белгилүү болду", — деди Эрдоган.

Ал эки аскер учагы Түркиянын аба мейкиндигине кирип келип, бирөө кайра учуп кеткенин жана экинчиси атып түшүрүлгөнүн айтты. 

"Кечээ кайсы мамлекетке тиешелүү экени белгисиз эки учак Хатай провинциясында биздин аба мейкиндиктин чегин бузуп киришип, аларга биздин аскерлер 10 жолу эскертүү беришкен. Ошондон соң учактардын бири биздин аймактан кетип, экинчиси болсо кулак салган эмес. Биздин чек араны көзөмөлдөөчү F-16 үлгүсүндөгү учагы ага ок чыгарган", — деди Эрдоган.

Шойгу: Су-24 учагынын учкучун куткарышты, ал базага алынып келди
Шейшембиде РФтин жок кылынган Су-24 учагына Сириянын аймагында кол салынганын, ал түрк чек арасынан төрт чакырым алыстыкта кулап түшкөнүн Россия президенти Владимир Путин билдирген. РФтин Аба күчтөрүнүн башкы штабы Су-24 чек арасынан өтпөгөнүн айтып, бул Сириянын абадан коргонуу кызматы да ырастайт. Түркия болсо россиялык учак алардын аба мейкиндигине кирип келген деп билдирүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0