ЖКнын депутаттары чет өлкөгө сапарын Санкт-Петербургдан баштайт

© Фото / Фотохост-агентство / Медиабанкка өтүүСанкт-Петербург шаары. Архив
Санкт-Петербург шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Төрага Жээнбеков баштаган Жогорку Кеңештин делегациясы КМШ менен ЖККУ Парламенттер ассамблеясынын жыйындарына катышуу үчүн учуп кетти.

БИШКЕК, 26-ноя. — Sputnik. Парламент төрагасы Асылбек Жээнбеков баштаган парламенттик делегация 26-27-ноябрында Орусиянын Санкт-Петербург шаарында өтүүчү Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин Парламенттер аралык ассамблеясынын (КМШ ПАА) кеңешинин жана Жааматтык коопсуздук келишим уюмунун Парламенттик Ассамблеясынын (ЖККУ ПА) кеңешинин кезектеги жыйындарына катышат. Ошондой эле иш сапардын алкагында Жээнбеков бир катар эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөрү күтүлүүдө.

ЖК делегациясынын курамында депутаттар Данияр Төлөнөв, Мирлан Бакиров, Айнуру Алтыбаева, Алтынбек Жунус уулу, Ашэра Халикова, Алмазбек Баатырбеков, Галина Скрипкина бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0