Окуучу Махмудали Султанов: эми социалдык тармактардан абайлай турган болдук

© Sputnik / Табылды КадырбековСоциалдык тармактардын логосу. Архив
Социалдык тармактардын логосу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Баткен облусундагы мектептерде диний экстремизмге каршы түшүндүрүү иштеринде окуучуларда кызыккан суроолор арбын болду.

БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. Баткен шаарындагы №3 мектептин 11-классынын окуучусу Махмудали Султанов "Одноклассники" сайтынан бейтааныштар менен сүйлөшүүдө диний темада абайлаш керек деген пикирин Sputnik маалымат сайтына билдирди.

Жакында Баткен облусунун мусулмандар казыяты, облустук прокуратуранын, УКМКнын өкүлдөрү, ИИБдин 10-бөлүмүнүн башчысы облустагы мектептердин окуучуларына диний экстремизмге каршы түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. 

"Биздин мектепке келген агай-эжелер глобалдашып кеткен террористтик жана экстремисттик уюмдар туурасында айтып беришти. Мурда анда-мында угуп калган болсок, бул сапар бир топ пайдалуу маалыматтарды ала алдык",— деди Султанов. 

11-класстын окуучусу социалдык тармактардан абайлаш керектигин айтып, андан оолак болуу жолдорун үйрөнгөндүгүн билдирди. 

"Негизинен радикалдашкандар беш сөздү көп колдонот экен. Шектүү делген сөздөрдү көп колдонгондордон алыс жүрүүнү билдик. "Жайдары" деп коёт го, биз ким болсо да сүйлөшүп кете бере турган элбиз да. Эми абайлаш керектигин ойлоп калдык",— деди Султанов.

Жыйындын соңундагы аңгемелешүүдө окуучулар сунуш пикирлерин айтышып, тиешелүү тараптардан өздөрүн кызыктырган суроолорго жооп алышты.

 


Жаңылыктар түрмөгү
0