Улуттук банк долларды кымбаттатып жиберген айыпкерди тапты

Жазылуу
Моссоветте жайгашкан коммерциялык банктын филиалы башкы офис менен кеңешпей туруп, өзүм билемдик менен доллардын кунун үч сомго кымбаттатып жиберген.

БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. Улуттук валютага кызыл кулактыкты "ФинансКредитБанктын" Абдырахманов менен Бөкөнбаев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан филиалы козутканын Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, 25-ноябрь күнү болжол менен саат 16.00дө аталган филиалдын казначейи жетекчилик менен кеңешип-кеспестен өзүм билемдик менен доллардын кунун 78 сомго баалап койгон.

"Бул учурда курс болгону 75 сомдун чегинде болчу. Акча алмаштыруу жайлары 78 сомду колдон-буттан алып сүрөп кетишти. Кызыл кулактыктын негизинде эртеси эле доллардын куну 79 сомго чыгып кетти", — деди Абдыгулов.

Ал Улуттук банк ошол күндөрү бир нече жолу интервенция жасаганын эскертти. 

"Учурда доллардын курсу турукташууда. Биз кызык кулактыкты козутуп жиберген банкка текшерүү жөнөттүк. Айтылгандардын баары далилденди. Өзүбаш казнайчейди жумуштан алып, директорлор кеңешине банктын жетекчилигине карата чара колдонууну сунуштадык", — деди Улуттук банктын төрагасы.

Абдыгулов мындай операцияларга жол бергендиги үчүн салынуучу айып пулдун көлөмүн жогорулатуу зарылчылыгын белгиледи. Ал финансы рыногун жөнгө салуу каралган мыйзам долбоорлору парламент тарабынан көп учурда четке кагылып келерин баса белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0