Түркиянын президенти Эрдоган президенттиктен кетүүгө даяр

© Sputnik / Сергей Гунеев / Медиабанкка өтүүТүркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган. Архив
Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Түрк лидери, эгер Анкара мунайды "Ислам мамлекети" террористтик уюмунан сатып алып жатканы далилденсе, өз кызматынан кетүүгө даяр экенин билдирди.

БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган, Анкара мунайды "Ислам мамлекетинен" сатып алып жатканы далилденсе, өз кызматынан кетүүгө даяр экенин айтты. 

"Түркия мунайды ИМден алып жатат деген айып орунсуз жана мындайды айтуу бузукулук. Бул сыяктуу сөздөрдү жөн гана айткан болбойт, ага далил керек. Эгер андай документтер болсо, көрсөтүшсүн. Мындай факт далилдене турган болсо, мен бул ордумда калбайм", — деди Эрдоган журналисттерге Парижде өткөн климаттык конференция учурунда. 

Түркия президенти Режеп Тайип Эрдоган. Архив - Sputnik Кыргызстан
Эрдоган россиялык Су-24 учагына байланышкан окуяга кабатыр экенин айтты
"Андай эч нерсе болгон эмес, биз эч качан мунайды мыйзамсыз жол менен сатып алган жокпуз. Террористтик уюмдар менен антип келишүүчүлүккө жол берүүгө болбойт. Биз мунайды алып жаткан булактар баарына белгилүү. Алар: Россия, Иран, Азербайжан, Ирак, Алжир, Катар, Нигерия", — деди түрк президенти.

Ошондой эле Эрдоган АКШнын маалыматы боюнча, Россия менен Сириянын жараны Жорж Хасвани мунайды ИМден сатып алып, Дамаскка сатып алууда деп айтып, бирок эч далил келтирген жок. 

"Американын маалыматына ылайык, ИМден мунайды сатып алып жаткандардын бири — Россия менен Сириянын жараны Жорж Хасвани. Бул адам аны кайра Сирияга сатканы баарына белгилүү. Биринчи ушуну териштирип, жооп берип алышсын", — деди түрк башчысы.

Россия тарап Хасвани РФтин жарандыгына ээ экендиги жөнүндө, же башка комментарий берген жок. АКШ да мурдатан мындай маалыматты Россияга бергендигин кабарлаган эмес. 

Немис ЖМК: Европа Биримдиги Түркия менен ыплас келишүүчүлүккө барып жатат
Ал эми Сириянын ТИМ башчысы Валид Муаллем мурдараак Эрдогандын өзүнүн баласы ИМден мыйзамсыз мунай сатып алууга катыштыгы болушу мүмкүн деп билдирген. Анын айтымында, дал ошол баласына тийиштүү мунай компаниясынын кызыкчылыгы үчүн Эрдоган Россиянын Су-24 учагын атып түшүрүүнү буюрган. Россиянын ТИМ жетекчиси Сергей Лавров ИМдин нефть кен жайларына сокку ургандан кийин Су-24 жок кылынганын баса көрсөтөт. Министрдин айтымында, окуя "ошол бензин ташыгычтарга, деги эле мунай казылчу кендерге биздин авиация натыйжалуу сокку ура баштаганда" болгон.

Россиянын Су-24 учагы Сириянын үстүндө учуп бара жаткан жеринен Түркиянын F-16 учагы менен түрк чек арасынан төрт чакырым аралыкта атып түшүрүлгөн. Россия президенти Владимир Путин муну "террористтерди жактоочулардын аркадан урган соккусу" деп атаган эле.

Россиянын колундагы маалыматтар 

Террористтердин көзөмөлүндөгү кен жайларынан алынган мунай ири көлөмдө Түркияга келип түшөрүн тастыктоочу кошумча маалыматтар алынганын Россиянын президенти Путин буга чейин билдирген эле.

Россиядагы түрк ишкерлери корко башташты
Орус президенти ошондой эле, мунай заты Түркияга тоскоолдуксуз келишин камсыз кылуу үчүн Су-24 учагы жок кылынган деп айтууга Россиянын толук негизи бар деп айтканы бар.

"Мунайды Түркиянын аймагындагы танкерлерге жүктөп кетүүчү портторго жеткирүүчү дал ошол жолдордун коопсуздугун камсыз кылуу үчүн биздин учакты атып түшүрүүнү чечишкен деп айтууга бизде толук негиз бар", — деген пикирин Россиянын президенти Францияда климат боюнча өтүп жаткан конференцияда билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0