Доллар менен алынган насыяларды сомго которууну өкмөт өзүнө алышы ыктымал

© Sputnik / Игорь Зарембо / Медиабанкка өтүүБанк кызматкери. Архив
Банк кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өткөн айда президент Алмазбек Атамбаев Улуттук банкка калкты колдоо үчүн насыяларды трансформациялоону кароо керектигин тапшырган.

БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. Доллар менен алынган ипотекалык насыяларды трансформациялоодо келип чыккан курстук айырманы ким алышы керектигин аныктоо керек. Балким, аны өкмөт өзүнө алышы мүмкүндүгүн Улуттук банктын жетекчиси Толкунбек Абдыгулов маалымат жыйында билдирди.

Президент Алмазбек Атамбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Атамбаев: доллар менен алынган ипотекалык кредитти сомго которуу зарыл
Буга чейин Алмазбек Атамбаев Улуттук банк трансформация кылуу керектигин карап көрүүнү тапшырган. Өлкө башчысы мындай кадам доллардын курсунун өйдө-төмөн болушунан үй-бүлөдөгү туруктуулукту сактоого жардам бериши мүмкүн деп эсептейт.

Абдыгуловдун айтымында, ипотекалык насыя алгандардын жалпы көлөмү бир миллиард сом деп бааланат. Учурда министрлер кабинети доллар менен ипотекалык насыя алгандардын статистикасын аныктап жатат.

"Өкмөт менен президент сомго алмаштыруу боюнча аябай сунушташты. Декабрдын ортосунда займдарды трансформациялоо боюнча долбоор сунушталат", — деп сөз берди Абдыгулов.

Ал ошондой эле кайсыл курс менен трансформация болору такталып жатканын белгиледи.

Улуттук банктын жетекчиси эсептик чен өлчөмдү өткөн айдагыдай 10 пайыз деңгээлинде сактап туруу чечими кабыл алынганын кошумчалады. Дал ушул нерселер коммерциялык банктардын элге насыя берүүсүнө таасир берет. Себеби, коммерциялык банктар акчаны ушундай чен өлчөмдө алат.

Жаңылыктар түрмөгү
0