Орус-грузин чек арасында кармалган КР төө буурчагын Түркияга өткөрүү маселеси чечилди

© Sputnik / Нургуль МаксутоваТөө бурчак. Архив
Төө бурчак. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россиянын аймагы аркылуу Түркияга экспорттолгон Кыргызстандын төө буурчагы грузин-орус чек арасында кармалып турган.

БИШКЕК, 4-дек. — Sputnik. Кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиясынын Бишкекте өткөн 18-жыйынында транзит менен Россиянын аймагы аркылуу Кыргызстанга келе турган жана экспортоло турган товарлардын тоскколдуксуз өтүүсү боюнча маселе талкууланды. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы билдирди.

Төө буурчакты Түркиянын ишкерлерине сатуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат
Кыргызстандын премьер-министри Темир Сариев менен Россиянын Федералдык бажы кызматынын төрагасы Андрей Бельянинов жана Адамкул Жунусовдун жолугушуусунда КРден Түркияга экспорттолгон төө буурчактын грузин-орус чек арасында кармалып турушу боюнча маселе чечилген. Жөнөтүлгөн жүк Россиянын аймагынан транзит аркылуу өтмөк.

Акыркы маалыматтар боюнча калың кар жаап, кар күрткүлөрү пайда болгондуктан учурда чек арадан өткөрүү жай жүрүп жатат, деп айтылат КР Бажы кызматы тараткан билдирүүдө.

Түркия менен Сириянын чек арасында кыйратылган Россиянын Су-24 учагы окуясынан кийин орус-түрк алакасы солгундап кеткен. Россия Түркиядан келе турчу бир катар азык-түлүккө санкция киргизген. 

Жаңылыктар түрмөгү
0